Нурила — Сагындым туулган жерим сени


Автор
Жанр
Битрейт кбит/с
Размер
Кол-во скачиваний 95

 

 

Нурила — Сагындым туулган жерим сени — текст песни

 

 

Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.

 

Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим, сени.

 

Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.

 

Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим, сени.

 

Жылдызын сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.

 

Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим, сени.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *



Читать полностью